Окуу китебинде, окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык, бизди курчап турган табигый дүйнөнү, денелердин жана заттардын түзүлүшүн, табигый көрүнүштөрдүн кыскача мүнөздөмөлөрүн, Жер планетасы — адамзаттын кыял дүйнөсүнүн мекенин, ошондой эле кыргыз жеринин табиятындагы айрым өзгөчөлүктөрдү үйрөнүүнүн жолдору көрсөтүлгөн. Окуу материалдары предметтик стандартка жана «Табият таануу 5-класс» окуу программасына ылайык түзүлгөн.