Кыргызстанда Брайль шрифтинин кыргыз тилиндеги жалпы стандарттары иштелип чыкты.
Кыргызстанда иштелип чыгып, кабыл алынган жаңы Брайль шрифтинин стандарттарына ылайык, бардык керектүү материалдар эми кыргыз тилинде даярдалат.
Кыргызстандарт Брайль шрифтинин кыргыз тилиндеги стандарттарын бекитти. Бул шрифтти көрүүсү начар жана соңсуз адамдар колдонушат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
«Атайын мектептерде мугалимдер ө, ү, ң тамгаларын ар башкача жазып жана түшүндүрүп келишкен. Эми 90 беттен турган толук стандарт бекитилди. Анын негизинде окуу материалдары жана башка басылмалар даярдалат», — деп билдирди Бекешев.
«Тең мүмкүнчүлүктөр» уюмунун маалыматы боюнча, буга чейин Кыргызстанда Брайль шрифтинин кыргыз тамгалары камтылбаган орус стандарты колдонулуп келген. Жаңы стандарттарды «Майыптардын укуктары боюнча Конвенцияны ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер» коомдук фонду иштеп чыккан.
Брайль шрифти — бул рельефтүү-точечтүү тактилдик шрифт, көрүүсү начар жана соңсуз адамдар үчүн жазууга жана окууга арналган.
Жаңы комментарий кошуу