БШК көрүүсү начар адамдар үчүн Брайль шрифти менен басылып чыккан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нускаларын таркатат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз парламентинин 80 жылдыгына карата БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин илимий-изилдөө борборуна Брайль шрифти менен кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан Конституциянын эки нускасын тапшырды.
Ошондой эле, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин илимий китепканасына Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайль шрифти менен эки тилде басылып чыккан эки нускасы берилди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайль шрифти менен басылган нускалары бардык аймактардагы жогорку окуу жайларынын китепканаларынын фонддоруна жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20 нускасы (10 – кыргыз тилинде, 10 – орус тилинде) БШКнын демилгеси менен жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Брайльдын рельефтүү-точечтүү шрифти менен басылып чыгарылды.
Жаңы комментарий кошуу