«Кыргыз Республикасында адилеттүүлүккө туруктуу жеткиликтүүлүк» долбоорунун алкагында, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) колдоосу менен Бишкек жана Ош шаарларында журналисттер, блогерлер жана инфлюенсерлер үчүн «Медиадагы майыптуулук» темасында бир күндүк тренингдер уюштурулду.

Бул иш-чаралардын максаты — медиа кызматкерлеринин майыптуулукка байланыштуу маселелерди так жана инклюзивдүү чагылдыруу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу.

Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар майыптуулуктун медиадагы репрезентациясынын негизги принциптери менен таанышышты, аларга төмөнкүлөр кирет:

  • "Бизсиз биз жөнүндө эч нерсе!" принциби — майыптыгы бар адамдардын өздөрү жөнүндө маалыматтарды түзүүдө активдүү катышуусу.
  • Майыптуулуктун субкультураларынын ар түрдүүлүгүн чагылдыруу жана майыптыгы бар адамдардын ишенимдүү образын түзүү.
  • Терс стереотиптерди жана мамилелерди жоюу.
  • Майыптыгы бар адамдарга карата туура тилди колдонуу.

Бул иш-чаралар инклюзивдүү коомду түзүүгө жана майыптыгы бар адамдарга болгон мамилени өзгөртүүгө жардам берет. ПРООН медиада майыптуулуктун репрезентациясын жакшыртууга жана майыптуулугу бар адамдардын укуктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантууда.