География: Экономикалык жана социалдык географиясы Кыргыз Республикасынын: 9-класстын окуучулары үчүн окуу китеби / М. Токтогулов, Д. Солпуева, М. Музуралиева жана башкалар. — Б.: «Кутаалам», 2022. — 232 бет, сүрөттөр.

Бул окуу китебинде Кыргыз Республикасынын экономикалык-географиялык абалы, мамлекеттик түзүлүшү, калкы, чарбаны жайгаштыруу жана өзгөчөлүктөрү, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр жана рекреация, ири шаарлар жана аймактар тууралуу жалпы маалымат берилген. Көрсөтүлгөн сандык маалыматтар негизинен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана тиешелүү министрликтерден алынган.

Окуу-методикалык комплекс окуу китебинен, мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон жана иш иштетүүчү материалдардан турат.