«Адам жана коом» окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2015-жылы бекитилген предметтик билим берүү стандартына ылайык иштелип чыккан.

Бул окуу китеби аркылуу окуучулар 5-класста алган адам жана коом тууралуу билимдерин улантып, адамдардын жараткан табигый жана социалдык чөйрөсү тууралуу маалымат ала алышат. Китепте адамдардын коомго тийгизген таасири жана коомдун адамзатка болгон таасири жөнүндө маалымат берилет.