2024-жылдын 13-ноябрында Баткен шаарында майыптуулугу бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрү, Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын кызматкерлери жана Омбудсмен институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө адамдардын юридикалык жардамга, анын ичинде мамлекеттик кепилдик менен берилген адвокаттык кызматтарга жеткиликтүүлүгү тууралуу негизги маселелер талкууланды. Мындан тышкары, майыптуулугу бар адамдардын укуктарынын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча мониторингди күчөтүү маселеси козголду, бул Омбудсмен институтунун ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Бул жыйын майыптуулугу бар адамдар үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу юридикалык колдоо көрсөтүүнү камсыздоо жолунда маанилүү кадам болду. Алардын укуктарын коргоо жана колдоо – биздин жалпы приоритетибиз! 💙
Жыйын @undpkg долбоорунун «Кыргыз Республикасында адилеттүүлүккө туруктуу жеткиликтүүлүк» демилгеси менен өткөрүлдү.